09:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

«Жеткиликтүү турак жай» программасына кыймылсыз мүлкү бар жарандар дагы катышат

«Жеткиликтүү турак жай» программасына кыймылсыз мүлкү бар жарандар дагы катышалат. Программанын катышуучуларын тандоо жана бекитүү жобосу коомдук талкууга коюлду.

Анда 12 чарчы метрден ашпаган мүлкү бар жаран батир алууга арызын жолдой алары айтылат.

Талаптар төмөнкүдөй:

— Катышуучунун жалпы эмгек тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болуп, азыркы кызматында бир жылдан ашык иштеши зарыл.

— Өзүндө, жолдошунда, жашы жете элек балдарында жалпы аянты 24 чарчы метрлик жалгыз мүлкү, же жатаканада бөлмөсү, коммуналдык батири болгондор.

— Акыркы үч жылда эч бир имарат, жер, үй сатуу жана сатып алуу жарандык-укуктук келишимдерге катышкан эмес болсо.

— Төлөөгө жөндөмдүү.

Эскерте кетсек, «Жеңилдетилген насыя» программасы үчүн өзүнчө талаптар коюулат.

Эң көп окулган жаңылыктар