18:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Өкмөттүн «Арзан турак жай» программасы жеткиликсиз жана кымбат болууда

Өкмөттүн «Арзан турак жай» программасы кымбат болууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Республика-Ата-Журт» фракциясынын отурумунда айтылды. 

Депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мамлекеттик ипотекалык компаниялардын насыясы иш жүзүндө 14-16 пайыздан берилүүдө.

«Ипотекалык компания жакшы көрсөткүчтөргө жете алган жок. Себеби-алгачкы взностун баасы абдан жогору жана пайыздык төлөмдөрдүн суммасы дагы жогору», -деди ал.

«Мамлекеттик ипотекалык компаниялар насыяны 9 пайыздан берип жатканын айтышууда, бирок иш жүзүндө 14-16 пайыздан алып жатышат. Мындан тышкары батирлердин баасы абдан жогору, бул жеңилдетилген турак-жай программасынын принциптерине шайкеш келбейт», -деп кошумчалады депутат.

Эң көп окулган жаңылыктар