03:30
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте 18 миңге жакын адам турак жай алууга кезекте турат

18 миңге жакын адам турак жай алууга кезекте турат. Бул тууралуу Акыйкатчынын «Бишкек жаңы конуштары: турак жай жана башка социалдык, экономикалык жана маданий укуктар» атайын баяндамасында маалымдалат.

Анда Бишкек шаарында жеке турак жайы жок тургундардын саны көбөйүп бара жаткандыгы жазылат. Эгер, 2010-жылы ар бир шаар тургунуна 15,7 чарчы метр башпаанек тура келсе, 2015-жылы бул 13 чарчы метрге барабар болгон.

2015-жылы турак жай алууга 17, 9 миң киши кезекке турган. Акыйкатчынын айтымында, алардын 0,2 пайызы гана жашоо шартын жакшырта алган.

Турак жай фондунда 99,4 пайыз үйлөр жеке сектордун колунда. Анын 79, 4 пайызы менчик жер үйлөр.

Эң көп окулган жаңылыктар