10:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

«Витязь» маданият министрлигине берилгени менен анда мугалимдер дагы эс алышат

«Витязь» маданият министрлигине берилгени менен анда мугалимдер дагы эс алышат. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда айтылат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Витязь» пансионатын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүп берүү токтомуна кол койду. Өкмөттүн маалыматында, «Билим берүү" жөнүндөгү мыйзамдын 32-беренесине ылайык мугалимдер, окутуучулар жылына бир жолу дарылануучу жайларда бекер эс алып, медициналык кароодон өтүшү керектиги айтылат.

Эскерте кетсек, депутаттар пансионатты Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүп берүүнү сунушташкан. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өз кызматкерлерин бекер медициналык кароосун жана эс алуусун уюштура албай келген. Ушул жагдай эске алынып, пансионатты маданият, маалымат жана туризм министрлигине өткөрүлүп берилди.

«Витязь» пансионатын 2007-жылы Максим Бакиев мыйзамсыз менчиктештирип алган. Кийин ал кайра улутташтырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар