Депутат президенттикке талапкерлерди жер басып алгандардын үйлөрүн мыйзамдаштыруу боюнча куру убада бербөөгө чакырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова бүгүнкү отурумда билдирди.
Депутат Бишкектин айланасында, Чүй облусунда бир канча үйлөр газ түтүктөрүнүн үстүнө курган жарандар өз өмүрүн гана эмес, балдарынын саламаттыгын коркунучка кептеп жаткандыгын айтып өттү.
«Шайлоо алдында ар кандай куру убадалар берилип башталат. Айрым талапкер жаңы конуштун тургундарына үйлөрүн мыйзамдаштырууга дагы сөз беришет. Мындан оолак болуу керек. Биз кийинки муун алдында жооптуубуз» — деди Евгения Строкова.
Белгилей кетсек, Бишкектин айланасындагы 47 жаңы конушта 6 миң үй мыйзамсыз курулгандыгы маалымдалган. Алардын жарымы гана мыйзамдаштырылышы ыктымал.