02:30
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Парламентте жаңы ишкананы бир саатта каттоого алуу сунушталууда

Парламенттин депутаты Бакыт Төрөбаев экономика министрлигине компанияны бир сааттын ичинде каттоого алууну сунуштады. Жогорку Кеңештин жыйынында «Кардарлардын укугун коргоо» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Экономика министрилигинин статс-катчысы Айдай Курманованын айтымында, иш кагаздары туура толтурулган болсо, ишкана бир жумага жетпей катталат.

«Грузияда бир нече сааттын ичинде эле каттоого алышат. Биз дагы ушул тажрыйбаны ишке ашырышыбыз керек. Дагы бир маселе -бул электр жарыгы, жылуулук тутумдарына кошулуу. Мисалы, бир жыл болсо дагы жылуулук станциясына кошула албай жүргөндөр бар», — деди Бакыт Төрөбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума