13:37
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Гонконг компаниялары Тажикстанда майнинг-долбоорду ишке ашырат

Гонконгдун Lion Group Holding жана New Full Rich компанияларынын ортосунда Тажикстанда биргелешкен майнинг-долбоорун ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Маалыматка караганда, New Full Rich’ке таандык Тажикстандагы Ganj Technology компаниясы тажик өкмөтүнөн бош экономикалык аймактардын бирине ири крипто-ферма ачууга уруксат алган. Эми бул биргелешкен майнинг-долбоорду ишке ашыруу үчүн Тажикстанга кубаттуу компьютерлер жана заманбап майнинг-жабдуулар жеткирилет.

Lion Group Holding компаниясынын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, объект куруу жана аны электр энергиясы менен камсыз кылуу иштеринин алгачкы этабын 2022-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда.

Криптовалюта (санарип акча) өндүрүү үчүн үзгүлтүксүз электр энергиясы, санарип код, заманбап серверлер жана башка майнинг-жабдуулар зарыл.

Lion Group Holding компаниясынын башкы директору Уильсон Вангдын айтымында, Тажикстан ири суу ресурсуна ээ жана электр энергиясынын тарифи аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Бул криптовалюта өндүрүү үчүн өтө маанилүү.

Макулдашууда Lion Group Тажикстанга 10 миң майнинг-жабдуу орнотуп, күнүнө 3,38 биткоин чыгарууга ниеттенип жатканы жазылган. Криптовалютанын азыркы баасына ылайык, 3,38 биткоин болжол менен 220 миң долларды түзөт.

«Электр төлөмдөрү жана жабдууларды тейлөөгө кете турган башка чыгымдарды алып салганда, бир жылдык киреше 62 миллион долларга жетет деп күтүлүүдө», — деп билдирди Lion Group Holding.

Быйыл март айында Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө криптовалютанын, анын ичинде биткоиндин жүгүртүүсү мыйзамда бекитилбегенин билдирген. Мындан тышкары өлкөдө бардык каржы операциялары улуттук валюта — сомони менен гана аткарылат. Азырынча Тажикстанда бир да криптовалюта биржасы, бир да биткоин-терминалы жок.

Эң көп окулган жаңылыктар