15:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

УКМК коррупциялык схема түзгөн салыкчылар кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) күйүүчү-майлоочу материалдарды Кыргызстанга милдеттүү салык төлөмдөрүн төлөбөй ташып келип саткан коррупциялык схема аныкталганын билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, аны Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери көзөмөлдөп турган.

Айрым ишканаларга көп суммада салык төлөөдөн качууга көмөктөшкөн деген шек менен Салык кызматынын Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) сооданын алкагында эсепке алынбаган товарлар менен иштөө башкармалыгынын башчысы кармалды. Ушул эле иш боюнча Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча эсепке алынбаган товарлар жана товарларга байкоо жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси да кармалган.

Андан тышкары, Салык кызматынын Панфилов районундагы башкармалыгынын өзгөчө режим бөлүмүнүн башчысы жана Салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын салыктык текшерүү бөлүмүнүн улук инспектору документтерди жасаган деп шек саналууда. Алар жасалма электрондук товар-транспорттук баракчаларга штамптарды чаптап, түштүк аймактарга күйүүчү майды жөнөтүү жана сатуу үчүн атайын пломбаларды тапшырышкан.

Бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка мамлекеттик кызматкерлерди аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми күйүүчү майды аткезчилик менен ташып келген фирмаларга салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар