08:06
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектеги батирлердин биринен төрт тонна таштанды чыкты

Бишкектин жашоочусунун үйүнөн таштанды чыгаруучу бригада 4 тонна таштанды чыгарган. Бул тууралуу

«Тазалык» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, таштанды Байтик-Баатыр № 13/Б көчөсүндө жайгашкан жеке турак үйдөн чыгарылган.

Маалыматта айтылгандай, үйдүн кожойкеси көп жылдан бери таштандыларды чогултуп келген. Коңшулары адам чыдагым жыт болуп жаткандыгын айтып тиешелүү кызматтарга кайрылышкан.

Жерине барган бригада үйдүн короосунан 4 тонна үй-тиричилик таштандыларын чыгарган. Үй ээси менен санитардык нормаларды бузууга жол бербөө боюнча тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар