Депутат жараксыз туулгандыгы тууралуу күбөлүктү чыгарган «Учкун» АККсынын жетекч. Бул тууралуу КСДП фракциясынын жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.
Анын айтымында, жараксыз мамлекеттик иш кагаздарын басып чыгарган ишкананын жетекчиси жоопко тартылышы керек.
Эскерте кетсек, бүгүн «Мамлекеттик маанидеги иш кагаздары» жөнүндөгү долбоор каралып жатат.
Элвира Сурабалдиева, 2012-жылы чыгарылып, жараксыз деп табылган туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр жана мамлекетке келтирилген чыгымга ким жооп берерин сурады.
«Учкун» басмаканасынын мурдакы жетекчиси, азыр КСДПнын депутаты Рыскелди Момбеков жараксыз күбөлүктөрдөн мамлекет зыян тартпаганын, аны жарандар өз акчасына сатып алганын маалымдады.
«Менин пикиримде, жарандардын чыгымы жана күбөлүктү алмаштыруу үчүн короткон убактысы дагы зыян болуп эсептелет», — деди Элвира Сурабалдиева.
Белгилей кетсек, 2012-жылы чыгарылган күбөлүктөр никеси тууралуу документтин үстүнө басылган. Учурда Мамлекеттик каттоо кызматы аларды бекер алмаштырып берип жатат.