22:03
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сузак районунда өспүрүм 1-класстын окуучусун зордуктады деп айыпталууда

Сузак районунда өспүрүм 1-класстын окуучусун зордуктады деп айыпталууда. Бул маалыматты «24.kg» МАсына ИИМден такташып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын маалымдашты.

Жалал-Абад облусундагы телеканалдардын бирине бала жана анын апасы берген маекте кылмышка 13 жашар коңшусу шектелип жаткандыгын билдиришкен. Баланын айтымында, коңшусу аны мурда дагы зордуктап жүргөн. Акыркы жолу өспүрүм короодо күчкө салгандан кийин, бала оорууканага түшөт.

Эң көп окулган жаңылыктар