11:21
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга иш сапары менен барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар