Президент Садыр Жапаров жана Албаниянын президенти Байрам Бегай бүгүн, 19-июнда анын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында сунушталган этномаданий программа менен таанышышты.
Иш-чара Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өттү.
Мамлекет башчыларын төкмө акындар тосуп алып, кыргыз элинин музыкалык жана поэтикалык өнөрүнүн байлыгын көрсөтүштү.
Андан соң конокторго кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурастарын чагылдырган инсталляциялар, анын ичинде кол өнөрчүлүк чеберканалары, көчмөндөрдүн салттуу турмуш-тиричилиги жана боз үйдүн жасалгасы көрсөтүлдү.
Этномаданий программа жаа атуу, каскадер атчандардын парады, куш салуу жана байыркы тукумдагы тайгандардын жарышы сыяктуу салттуу мелдештерди көрсөтүү менен аяктады.

