Криштиану Роналду Португалия курама командасынын маалымат жыйынында учурдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионаты анын карьерасындагы акыркысы болорун билдирди.
«Бул акыркы Дүйнө чемпионаты болот, ооба», — деди 41 жаштагы футболчу.
Суроолорго жооп берип жатып, Роналду: «Мен мурункудай оюнчу эмесмин», — деп кошумчалады, бирок ошол эле учурда: «Баары анчалык деле жаман эмес», — деп белгиледи.
Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынан кийин улуттук курамадагы карьерасын жыйынтыктай турганын буга чейин анын эжеси Катя Авейру да журналисттерге билдирген.
Криштиану Роналду — Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону жана Улуттар лигасынын эки жолку жеңүүчүсү. Ал улуттук курама командалардын, Европа чемпионаттарынын, Чемпиондор лигасынын жана клубдар арасындагы Дүйнө биринчиликтеринин тарыхындагы голдордун саны боюнча рекорддордун ээси болуп саналат. Ал беш жолу «Алтын топ» сыйлыгын багындырган.
Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айынан бери Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубунда ойноп келет. Буга чейин чабуулчу Португалиянын «Спортинг», Англиянын «Манчестер Юнайтед», Италиянын «Ювентус» жана Испаниянын «Реал Мадрид» клубдарында да ойногон.

