Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 17-19-июнунда Албаниянын президенти Байрам Бегай Кыргызстанга расмий сапары менен келет.
Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт, ошондой эле экономика, айыл чарба, туризм, транспорт, санариптештирүү жана башка багыттарда мындан аркы өз ара аракеттенүү жөнүндө пикир алмашышат.
Белгилей кетсек, Албаниянын президентинин расмий сапары кыргыз-албан мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болуп, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө пайдубал түзөт.

