11:21
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бишкекте апта башында күн ысык болот. 6-8-июлга карата аба ырайы

Бишкекте аптанын башында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомолду билдиришүүдө.

6-июль: Күн ала булуттуу болот. Түнкүсүн +17 градус, күндүз термометрдин көрсөткүчү +34 градуска чейин көтөрүлөт.

7-июль: Аба ырайы булуттуу болот. Түнкүсүн абанын температурасы +18 градус айланасында күтүлөт, күндүз +35 градуска чейин жылыйт.

8-июль: Күн ачык жана ысык болору убада кылынууда. Түнкүсүн +19 градуска чейин, күндүз +35 градуска чейин ысыйт.

Эң көп окулган жаңылыктар