Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Эске салсак, документ 2025-жылдын 19-декабрында Токио шаарында түзүлгөн. Буга чейин Жогорку Кеңеш аны ратификациялоо жөнүндө мыйзамды кабыл алган, ал КР тарабынан мамлекеттик ички процедураларды аткаруу үчүн зарыл болуп саналат жана ушундан кийин гана макулдашуу күчүнө кирет.
Буга чейин Экономика жана коммерция министрлиги бул документ КРнын салык мыйзамдары менен Япониянын ортосундагы өз ара мамилелерде бирдиктүү мамилени иштеп чыгуу үчүн зарыл экенин, ал бир эле учурда Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарындагы улуттук жоболорду чагылдыра турганын түшүндүргөн.
Аткаминерлердин айтымында, бул мыйзам эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөсүндө келип чыккан көйгөйлөр менен милдеттерди чечүүдө бирдиктүү форма болуп саналат.
Документ бир эле кирешеге Кыргызстанда да, Японияда да салык салынуучу жагдайларды четтетиши керек. Бул кирешени бир өлкөдөн алып, бирок экинчи өлкөнүн резиденти болгон компаниялар, инвесторлор жана жеке жактар үчүн абдан маанилүү.

