14:27
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Дүйнө чемпионаты: Кыргыз тайгандары Италияда алтын медаль утту

Кыргыздын улуттук тайган тукумундагы иттери Дүйнөлүк кинологиялык федерациянын (FCI) астында Италиянын Болонья шаарында өткөн бардык тукумдагы иттердин Дүйнөлүк чемпионатында чоң ийгиликке жетишти.

Эл аралык форумда Кыргызстандын атынан «Фаворит-Алатоо» питомнигинин тайгандары катышты. Бул тукум боюнча дүйнө чемпионаты 6-июнда өттү. Мелдешке Аргентинадан келген FCI эксперти Мигель Анхель Мартинес калыстык кылды.

24.kg
Фото 24.kg

Кыргызстандык эки ит тең жогорку баага татып, өз класстарында жеңүүчү болушту. «Фаворит-Алатоодон» Бермет аттуу тайган чемпиондор классында жеңишке жетсе, Фаворит-Алатоо Ай Пери интермедиа классында эң мыкты деп табылды.

24.kg
Фото 24.kg
Тукумдун эң мыкты өкүлүн аныктоочу акыркы сыноонун жыйынтыгында Бермет 2026-жылдын Дүйнө чемпиону наамын багындырды жана ошол эле учурда Италиянын чемпиону болду. Иттин биргелешкен ээси — москвалык Андреана Блинова. Кыргызстандын дагы бир өкүлү — Фаворит-Алатоо Ай Пери дүйнөнүн вице-чемпиону аталды.

Бул кыргыз тайгандарынын дүйнөлүк деңгээлдеги биринчи ийгилиги эмес. 2023-жылы Ай Пери  аттуу тайган Женевада (Швейцария) өткөн көргөзмөдө дүйнө чемпиону болуп, Швейцариянын чемпиону наамын жана Женеванын Гран-присин утуп алган. Бүгүнкү күндө ал дүйнөдөгү эң көп титулга ээ тайгандардын бири болуп саналат.

24
Фото 24

«Фаворит-Алатоо» питомнигинин ээси жана багуучусу Эсенгельды Мукеев учурда питомник тайгандар арасында эки дүйнө чемпиону жана бир дүйнөнүн вице-чемпиону титулуна ээ экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар