Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга киргизилген мораторий дагы эле күчүндө экенин эскертти.
Мекеменин маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы токтомуна ылайык, белгиленген өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого, пайдаланууга, ташууга, сатып алууга жана сатууга, ошондой эле экспорттоого тыюу салынган.
Чектөө макротомия, эндик, ичке жалбы, афлатун пиязы, алтын тамыр жана башка сейрек кездешүүчү өсүмдүктөргө карата колдонулат.
Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырып, аталган чектөөлөр 2027-жылдын 1-январына чейин күчүндө болорун билдирди.

