21:12
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Талант Мамытов 2021-жылга карата бюджетке кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 891,6 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 181 354,8 млн сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 463,2 млн сом суммасында белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар