03:50
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өзбекстан менен чогуу автоунаа заводун куруу боюнча мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Өзбекстан менен чогуу авто унаа чыгаруучу заводду куруу боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу «Азаттык» мамлекет башчынын сайтында 20-апрелде чыккан маалыматка шилтеме берүү менен билдирди. 

Бул документтин кабыл алынышы өлкө аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берери айтылат.

«Долбоорду Кыргыз Республикасында ишке ашыруу республиканын автомобиль өнөр жайын өнүктүрүүгө, ИДПдагы өнөр жайдын үлүшүн көбөйтүүгө, автомобиль паркын жаңылоого, 2000ден ашык жаңы жумуш орундарын түзүүгө, автотранспорт каражаттары үчүн компоненттерди чыгаруу боюнча жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө түрткү берип, аны менен өлкөнүн экономикасынын өнүгүү динамикасына оң таасирин тийгизет», — деп жазылган маалыматта.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун 15-мартта кабыл алган. Ал быйыл 27-январда Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосунда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүүнү уюштуруу боюнча макулдашуунун негизинде каралган.

Макулдашууда заводду куруу үч этапта иштей турганы, алгач 500 жумуш ордун түзүү менен 10 миң даана унаа чыгаруу каралган. Кийинки этапта жумуш орундарын көбөйтүп, унааны чыгарууну 30 миңге жеткирүү жазылган.

Кыргызстандын аймагына биргелешип автомобиль чыгарган заводун куруу боюнча макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин быйыл 26-27-январда Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар