13:49
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Борбордо «Бишкекжылуулуктармагы» кесилиштердеги түтүктөрдү алмаштыра баштайт

Борбор калаада жылуулук тармактарын реконструкциялоого байланыштуу Киев көчөсүнүн айрым кесилиштеринде унаа кыймылы убактылуу чектелет.

«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы 15-июндан 15-августка чейин Исанов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки тилкеде жолду кесип өткөн эскирген коммуникацияларды алмаштырат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштерине байланыштуу Киев көчөсүндөгү кесилиштер этап-этабы менен жарым-жартылай жабылат. Инженерлер ар бир конкреттүү тилкедеги технологиялык милдеттердин аткарылышына жараша көчөлөрдүн кесилиштерин кезек менен жабууну пландаштырууда. Ар бир кесилиштин так жабылуу графиги тууралуу маалымат кошумча берилет.

Мындан сырткары, шаардык кызматтар модернизациялоонун кийинки этабы үчүн долбоордук документтерди даярдап жатышат. 2027-жылы Киев көчөсүнүн Бейшеналиева көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө диаметри 700 миллиметр болгон магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иши башталат.

Эң көп окулган жаңылыктар