17:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Садыр Жапаровдун кудасы кызматынан бошотулду

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирет.

Алардын маалыматында, тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Белгилей кетсек, Турусбек Түмөнбаев президент Садыр Жапаровдун кудасы. Кызматка аны өткөн жылы өкмөттү жетектеген учурда дайындаган. Садыр Жапаров ишенимдүү кадрлар жок болгондуктан жакынын ишке алганын айткан.

Журналисттер «Унаа» мамлекеттик мекемеси жарыялаган тендерге анын кызынын компаниясы катышып жатканын иликтеп чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар