17:01
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кызматтан кетүү себеби белгилүү болду

Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин кызматтан кетүүсүнүн себеби белгилүү болду. Ал пенсияга чыккандыгына байланыштуу өз каалоосу менен арыз жазган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Архивден алынды
Фото Архивден алынды. Энергетика министрлигинин мурдагы жетекчиси Таалайбек Ибраевди пенсияга узатышты

Энергетика министрлигинин аппараты мурдагы жетекчисин татыктуу эс алууга узатканы белгиленди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Таалайбек Ибраевге энергетика тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кечээ эле ал Энергетика министрлигинин эмгек жамаатына министрдин милдетин жаңы аткаруучу Алтынбек Рысбековду тааныштырды.

Таалайбек Ибраев Энергетика министрлигин 2022-жылдын октябрь айынан бери жетектеп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар