18:26
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бишкекте «Эл аралык Ысык-Көл форуму — 40» өтөт

Бишкектеги мамлекеттик резиденцияда 18—21-июнь күндөрү «Эл аралык Ысык-Көл форуму — 40» иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

«Дүйнө цивилизациялык бурулушта: келечекке бирге» аттуу темадагы форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу күтүлүүдө.

Бул форум 1986-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген. Ал эки уюлдуу дүйнөнүн кризиси жана глобалдык тирешүү коркунучу шартында маданияттардын, цивилизациялардын жана идеялардын диалогу үчүн алгачкы глобалдык аянтчалардын бирине айланган.

Иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн белгилүү окумуштуулар, Нобель сыйлыгынын лауреаттары, изилдөөчүлөр, залкар акын-жазуучулар, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышаары күтүлүүдө. Тактап айтканда, Антье Граве, Актоты Раимкулова, Нурлан Ермекбаев, Али Хамраев, Владимир Мединский жана башкалардын келишет.

Эң көп окулган жаңылыктар