18:25
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Акыйкатчы Ак-Сууда апасынан айрылган балдарды көзөмөлгө алды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ак-Суу районунда өзүн өрттөп каза болгон аялдын артында калган төрт баланын укуктарынын корголушун жеке көзөмөлүнө алууну улантууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда акыйкатчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлдөрү социалдык кызматкерлер менен биргеликте балдардан жума сайын кабар алып жатышат.

Эске салсак, ушул жылдын февраль айында Ак-Суу РИИБдин алдында 40 жаштагы аял өспүрүм кызынын кош бойлуулугу боюнча суракка чакырылгандан кийин өзүн өрттөп, каза болгон.

Каргашалуу окуядан кийин маркумдун 3 баласы атасынын камкордугуна өткөрүлүп берилген, ал эми экинчи никеден төрөлгөн кенже кызы да өз атасынын колунда жашап жатат. Балдардын ар бирине энесинен ажырагандыгы үчүн ай сайын 3 300 сомдон жөлөк пул чегерилүүдө.

Облустук милициянын маалыматы боюнча, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында тергөөгө чейинки текшерүүдө кемчилик кетирген кызматкерлер тартиптик жазага тартылышты.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдар жетим калган балдардын кызыкчылыктарын коргоо жана аларга комплекстүү социалдык, психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча ишти үзгүлтүксүз жүргүзүүгө тийиш экенин баса белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар