Ош шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган «Биримдик кербени» аймактык долбоорунун алкагында сууну урматтоо жана узатуу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, шаардык жана муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле шаар тургундары катышты.
Буга чейин Ош шаарынын атынан бир баатыр жана он элчи тандалып алынган. Шаардын баатыры болуп улуттук күрөш боюнча спорт чеберчилигине талапкер, машыктыруучу жана улуттук оюндардын жеңүүчүсү Акжол Токтомушов тандалган.
Элчилер катары алыш күрөшү боюнча машыктыруучу, универсиадалардын көп жолку чемпиону Мыктыбек Айдаров, мыкты спортчу-машыктыруучу Мыктыбек Адишов, маданият өкүлү, белгилүү театр актёру Талантбек Апыев, Ош шаарынын маданият жана жаштар башкармалыгынын жаштар менен иштөө жана коомдук иштердин өкүлдөрү Перизат Исакбаева менен алып баруучу Төлөгөн Исмаилов, ошондой эле журналистика жана медиа тармагында ийгиликтерди жаратып келе жаткан жаштар Айдана Амалбек кызы, Наргиза Анарбай кызы, Зыягүл Болот кызы, Муслима Довурова жана Мээрим Айтмаматова тандалып алынган.
Салтанат учурунда шаар баатыры Акжол Токтомушов Ак-Буура дарыясынын башатынан алынган сууну атайын көөкөргө куюп, элчилер менен бирге Бишкек шаарына жөнөп кетти. Делегация 31-августта Бишкек-Аренада өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышып, Оштон алып келген ыйык сууну тапшырат.
2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкөнүн жети дубанынан чогултулган суулар бир идишке куюлуп, кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин жана жалпы улуттук баалуулуктарын даңазалайт. Иш-чара кыргыз элинин бай маданий мурасын, көчмөн цивилизациясынын улуулугун жана элдин биримдигин дүйнөгө таанытууга багытталган.