«Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагынын деңиз деңгээлинен 4 миң 234 метр бийиктикте жайгашкан тоо чокусуна «Ормон Хан» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, Ормон хан XIX кылымдагы кыргыз элинин эң көрүнүктүү тарыхый инсандарынын бири болуп саналат. Ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, кыргыз урууларын бириктирүүгө, аймактык бүтүндүктү коргоого жана кыргыздардын коомдук-саясий түзүлүшүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон. Анын ишмердүүлүгү кыргыз элинин тарыхында өзгөчө орунду ээлейт жана өлкөнүн тарыхый мурасын урматтоого, мекенчилдикке тарбиялоодо чоң мааниге ээ.
Аталыш берүү сунушталып жаткан, чокусун ак кар, көк муз баскан тоо чокусу Кум-Дөбө айыл аймагынын Шамшы айылынан 15 чакырым, ал эми Кочкор районунун борборунан 51 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Мыйзам долбоору Министрлер Кабинетине караштуу Административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында каралып, жактырылган жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу менен макулдашылган.
Бул мыйзамдын кабыл алынышы республикалык бюджеттен кошумча каржылык чыгымдарды талап кылбайт.

