18:17
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

«Night Run» түнкү марафону: Бишкекте кайсы көчөлөр жабылат?

Бишкекте 13-июнда салттуу болуп калган «Night Run» түнкү чуркоосу өтөт, ага 3 миң 500дөн ашык катышуучу чогулат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Катышуучулар «Аю Grand» соода борборунун жанынан старт алып, кайра ошол жерден финишке келишет. Иш-чара саат 19:30дан 23:00гө чейин созулат.

Жарыш Шабдан баатыр проспектисинин түштүк тарабы менен Лермонтов көчөсүнөн Мухтар Ауэзов көчөсүнө чейин, ошондой эле Чокан Валиханов көчөсү аркылуу Анкара көчөсүнөн Шабдан баатыр проспектисине чейин эки багытта өтөт.

Спорттук иш-чарага байланыштуу 13-июнда саат 20:30дан 23:00гө чейин жогоруда айтылган аймактарда жол кыймылы убактылуу чектелет.

Белгиленгендей, түнкү чуркоонун уюштуруучулары болуп «Nomad Sport» коомдук бирикмеси жана Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар