14:03
USD 87.45
EUR 101.95
RUB 1.23

Казакстандан ташылып келген 6 тонна күрүч артка кайтарылды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Жол» фитосанитардык көзөмөл постунда текшерүү жүргүзүлгөн.

Натыйжада Казакстандан алынып келинген 6 тонна күрүчтүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган.

Евразия экономика биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, жүк кайра артка кайтарылды.

Эң көп окулган жаңылыктар