14:10
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.22

Баткенде Өзбекстан менен чектеш аймакта жаңы чек ара бикети ачылды

Баткен районунун Согмент айылында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгына караштуу «Чарбак» чек ара заставасынын «Согмент» чек ара постунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага онлайн форматта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев катышты. Ал эми жеринде Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү жетекчилер жана чек арачылар катышты.

Жетекчилер алгач чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, «Согмент» чек ара постунун ачылышы мамлекеттин коопсуздугун чыңдоодо жана чек ара аймактарында туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү окуя экенин белгилешти. Ошондой эле бул кадам мамлекеттин чек ара коопсуздугуна жана чек арачылардын эмгегине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгынын далили экени баса белгиленди.

«Согмент» чек ара постунда кызматты сапаттуу өтөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Заманбап талаптарга жооп берген казарма салынып, кызматтык милдеттерди аткарууга зарыл болгон шарттар камсыздалган.

Белгилей кетсек, бул аймакта чек арачылар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын 12 чакырымдан ашык тилкесин кайтарышат.

Ошондой эле ушул эле күнү өлкө аймагында дагы бир нече чек ара объекттери ачылганын кошумчалоо зарыл.

Эң көп окулган жаңылыктар