19:41
USD 87.45
EUR 101.64
RUB 1.23

Быйыл Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүүгө 50 миллион сом бөлүнөт

Кунарсыз жана деградацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү максатында 2026-жылга республикалык бюджеттен 50 миллион сом каралган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Аталган каражаттын эсебинен жалпы көлөмү 186 440 килограмм болгон жайыт чөптөрүнүн үрөндөрү сатылып алынды.

Анын ичинде:

  • кылкансыз түп бош — 28 878 кг;
  • жайыт райграсы — 28 878 кг;
  • шаалбаа бетегеси — 42 026 кг;
  • эспарцет — 86 658 кг.

Тендердин жыйынтыгында жеткирүүчүлөр болуп Александр Голенков жана Адилет Анишев аныкталды.

Алынган үрөндөр өлкө аймагындагы түшүмдүүлүгү төмөндөп кеткен жайыттарды жакшыртууга багытталып, мал чарбачылыгынын тоют базасын бекемдөөгө, жайыттардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга жана экологиялык абалды жакшыртууга кызмат кылат.

Учурда үрөндөрдү аймактарга бөлүштүрүү жана себүү иштерин уюштуруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар