Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактарды өнүктурүү боюнча парламенттик комитеттин депутаттары «Жайыттар тууралуу» жана «Токой чарбасы тууралуу» мыйзамды оңдоону биринчи окууда кабыл алышты. Демилгечи болуп вице-спикер Мирлан Бакиров чыкты.
Анын 24.kg агенттигине айтып бергенине караганда, миллион гектар жайыт жер токой фондунун карамагында жатат. Мал багуучулар ижара үчүн гектарына 50 сомдон төлөшөт. «Жыйынтыгында жылына 14-15 миллион алат экенбиз, бирок бул көлдүн тамчысы гана. Бюджети 600 миллион сомду түзгөн токой фондуна бул сумма таасир этип да койбойт», -деди Мирлан Бакиров.
Ал кошумчалагандай, дыйкандар берген акча каражаты айыл өкмөттөрдүн казынасына түз келип түшүүсү керек. «Бизде жайыт жерлери бар болгон 18 айыл өкмөтү бар. Эгерде аларды пайдалануудан келип түшкөн акчаны айылдык администрацияларга жумшасак, анда өнүгүү болмок», -деди Мирлан Бакиров.
Кыргызстанда 9,6 миллион гектар жайыт жер бар. Анын 500 миң гектары мал кайтарууга жараксыз.