07:44
USD 87.45
EUR 90.64
RUB 0.90

Акыркы 10 жылдан бери жайыт жерлердин аянты 167 миң гектарга кыскарды

Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери жайыт жерлердин аянты 167 миң гектарга кыскарды. Бул тууралуу жайыт, мал жана балык чарбасы департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2008-жылы жайыттардын жалпы аянты 9 миллион 174 миң 400 гектарды түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 9 миллион 7 миң 504 гектарды түздү. Аянттардын кыскарышына айылдардын аймактарынын кеңейиши себеп болушу мүмкүн.

Билдирүүгө ылайык, жайыттардын кыскарышынын так себебин аныктоо үчүн убакыт керектелет. Айрым аймактарда мыйзамсыз берилген жерлердин мамлекетке кайтарылгандыгы анык болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар