15:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Чакан жана орто бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөтүлдү

2022-жылдын декабрынан тартып жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердик субъекттер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкалары 2027-жылдын 1-январына чейин төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кыматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чакан жана орто ишкердиктин субъекттерин колдоо жана андан ары өнүктүрүү, аларды көмүскөдөн чыгаруу максатында 2022-жылдын 4-ноябрындагы мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүлөр мамлекеттик бюджеттен каржылануучу уюмдарга, мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү 51 пайыздан ашык болгон ишканаларга жана уюмдарга жайылтылбайт.

Алсак, жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери:

  • жалданма жумушчуларынын саны 5-14 адам болсо — 27,25 пайыздан 22 пайызга чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 12 пайзы жана жумушчудан 10 пайыз);
  • жалданма жумушчуларынын саны 15 адам жана андан көп болсо —27,25 пайыздан 14 пайызга чейин төмөндөдү (жумуш берүүчүдөн 4 пайыз жана жумушчудан 10 пайыз).

Мындан тышкары, чакан жана орто бизнестин субъекттери үчүн Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фонду (0,25 пайыз) алып салынды.

Отчетто 1-4 адамды көрсөткөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өзгөрүүсүз калат — 27,25 пайыз (жумуш берүүчүдөн 17,25 пайыз жана жумушчудан 10 пайыз).

Ошону менен бирге тарифтик ставкалар боюнча 27,25 пайыз төлөгөн бардык төлөөчүлөр үчүн — жумуш берүүчү жумушчулары үчүн төлөй турган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмү орточо айлык эмгек акынын 60 пайызынан эсептелген суммадан аз болушу мүмкүн эмес.

Ошондой эле, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен Салык кодексин шайкеш келтирүү максатында, салык режимдеринин түрлөрүн, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча айып жана туумдардын ченемдерин салык мыйзамдарына ылайык келтирүү бөлүгүндө өзгөртүүлөр киргизилди.

Буга чейин эсептешүү ведомостторун белгиленген мөөнөттө бербегендиги (же кечиктиргендиги) үчүн өткөн отчеттук мезгилде түзүлгөн төлөмдөрдүн суммасынын 25 пайыз өлчөмүндө айып пул календардык жыл ичинде эки жолудан ашык берилбегенде (же кечиктирилгенде) кийин кайра эсептөө менен чегерилип келген. 2022-жылдын 1-декабрынан тартып белгиленген мөөнөткө чейин отчет бербеген (же кечиктирген) алгачкы учурда эле 25 пайыз айып салынат.

Эң көп окулган жаңылыктар