10:18
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда сүттүн курамынан антибиотиктер табылды

Кыргызстанда бир нече сүттүн үлгүлөрүнөн антибиотиктер табылды. Бул тууралуу мамлекеттик ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Мира Искембаева билдирди.

Айтымында, жалпысынан 90 үлгү алынган: 20га жакын үлгү Талас облусунда, калгандары Чүй облусунда болгон. Жалпысынан 4 антибиотикке: левомицетин, тетрациклин, пенициллин жана стрептомицинге 360 изилдөө жүргүзүлгөн. Алардын ичинен 17 сүттөн антибиотиктер аныкталды: экөө Бишкек шаарында, экөө Талас облусунда, 13 Чүй облусу, анын алтоо Ысык-Ата районунда өндүрүлгөн сүттөр болду.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Төлөн Ырсалиев акыркы төрт жылдан бери ушул көйгөйдүн үстүндө иштеп келгендигин билдирди.

«Биз азыр 360 үлгүнү изилдеп чыктык, анын 17синен гана антибиотиктер аныкталды, ал эми эки жыл мурун 40 үлгүдөн антибиотиктер чыгышы мүмкүн эле», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума