2025-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстан Казакстанга 8 миллион 812 миң тоок жумурткасын экспорттогон. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жумуртка соодасында олуттуу өзгөрүү бар:
тооктун жумурткасын экспорттоо 8 миллион 756 миң даанага өстү;
импорт, тескерисинче, 10 миллион 760 миң даанага азайган.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө республиканын аймагына коңшу өлкөлөрдөн тооктун жумурткасын алып келүү катталган эмес.
Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргыз Республикасына 2,3 миллион даана инкубациялык жумуртка алынып келинген. Импорт Түркия, Өзбекстан, Орусия, Франция жана Даниядан жасалган.