04:29
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Эт жана малдын экспорту. Айрым мекемелер ага тыюу салууну өтүнүүдө

Мамлекетибиздеги айрым мекемелер эт жана малды коңшу өлкөлөргө чыгарууга тыюу салуу өтүнүчүн оозеки беришкен. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине «Кыргызленд» экспортчулар жана импортчулардын кыргыз ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда экспорттун негизги көйгөйү — алып сатарлар жана аткезчилер.

«Биздин экспортчулар бодо малын тышка чыгаруу процессин эми баштады, анын системасын жөнгө салуу аракетин жасоодо, бирок айрым министрликтер аларды жемелеп жатат. Алар эттин кымбатташы жана колбаса чыгаруучу ишканалардын арызына шилтеме жасашууда. Биз да кырдаалды анализдеп, баалардын кымбатташынын башка себептерин таптык — бул доллардын өсүшү. Сатып алуулар, өзгөчө кыймылсыз мүлктү алуулар учурда доллар менен жүргүзүлүүдө. Бул, албетте, күнүмдүк товарлардын баа саясатына таасир тийгизбей койбойт. Быйыл мал тоютунун баасы да өстү. Бир түк чөптүн баасы 250 сом, буудайдын килограммы — 18 сом, арпа — 12-13 сом», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар