18:05
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Алмаз Калыбаев Кыргызстандын Жогорку сотунун жамаатына тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун жаңы судьясы Алмаз Калыбаевди тааныштыруу аземи өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев жана Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмасбек Абытов катышты.

Аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев жаңы судьяны жамаатка тааныштырып, Жогорку сот тажрыйбалуу жана кесипкөй кадр менен толукталып жатканын белгиледи.

Медербек Сатыев өз сөзүндө Алмаз Калыбаевдин сот тутумунда чоң тажрыйбасы бар экенин, өзүн принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү адис катары көрсөтө алганын баса белгиледи. Жогорку соттун төрагасы Алмаз Калыбаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп дайындалышы менен куттуктап, бул кызмат жогорку жоопкерчиликти, терең кесиптик билимди жана кемчиликсиз репутацияны талап кыларын айтты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Медербек Сатыев Алмаз Калыбаевдин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясында иштөө үчүн сунуштады.

Жыйынтыктоочу бөлүктө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту өлкөнүн сот тутумун ырааттуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен өзүнүн кадрдык дараметин чыңдоону улантып жатканы белгиленди.

Эң көп окулган жаңылыктар