04:37
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Жогорку Кеңеш жайкы каникулга тарады

Жогорку Кеңеш 8-чакырылыштын биринчи сессиясын аяктап, депутаттар жайкы эс алууга тарашты. Жыл башынан бери парламент тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынган.

Парламенттин жыйынында төрага Марлен Маматалиев өткөн сессиянын жыйынтыгына токтолуп, депутаттык корпус тарабынан аткарылган иштерге кыскача токтолду. Төрага белгилегендей, сессия учурунда өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынды.

Жыл башынан бери Жогорку Кеңеш тарабынан жалпысынан 145 мыйзам долбоору кабыл алынып, алардын 94үнө президент тарабынан кол коюлган.

Кабыл алынган мыйзам долбоорлору:

  • 115 — Министрлер кабинетинен;
  • 23 — Жогорку Кеңештин депутаттарынан;
  • 6 — Президенттен;
  • 1 — Башкы прокуратурадан.

Сессия аяктагандан кийин жыйындар залында оркестр Кыргызстандын гимнин аткарды.Эл өкүлдөрү жайкы эс алуудан кийин өз ишин сентябрь айында улантышат.

Эң көп окулган жаңылыктар