«Кыргызстан аэропорттору» ААК эл аралык «Манас» аэропортуна алып баруучу трассанын бойлорундагы бак-дарактардын кыйылышы боюнча түшүндүрмө берди. Буга чейин күбөлөр социалдык тармактарда жол жээгиндеги теректердин кыйылып жатканын кабарлашкан.
«Учурда аэропортко алып баруучу жаңы альтернативдүү жол курулуп жатат. Трассаны кеңейтүү үчүн бак-дарактардын бир бөлүгүн кыюуга туура келди. Жол боюнда өскөн туялар башка жерге көчүрүлүүдө. Ал эми тегерек жол айрылышы курулуп жаткан аймактагы айрым теректерди башка жерге көчүрүү мүмкүн эмес, ошондуктан аларды кыюуга туура келүүдө», — деп билдиришти компаниянын басма сөз кызматынан.
Ишканадан белгилешкендей, бул жумуштар аэропортко кире бериштеги унаа тыгыны көйгөйүн чечүү максатында жүргүзүлүүдө. Бактар бир гана чакан тилкеде кыйылып жатат.
Жолду кеңейтүүнүн негизги себептери:
Жаңы аэровокзал комплексинин курулушуна байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы өсүүдө, бул өз кезегинде тосуп алуучулар менен узатуучулардын да санын көбөйтүүдө.
Эл арасында аэропортко баруучу жолдогу тыгындарга даттануулар көп. Трассанын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана тыгындарды болтурбоо үчүн жол кеңейтилүүдө. Ушундан улам бактардын бир бөлүгүн алуу муктаждыгы келип чыккан.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК тургундарды жана социалдык тармактардын колдонуучуларын бул кырдаалды талкуулоодо аталган себептерди эске алууга чакырды.

