Ош — Сары-Таш — Эркечтам автожолунда унаа кыймылы толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кече саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жамгырдан кийин унаа жолдун 58-200-чакырымдарында сел жүргөн. Буга байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу кыйындаган.
«Көрүлгөн чаралардын натыйжасында жол 1,5-2 сааттын ичинде тазаланып, убактылуу чектөөлөр алынды», — деп билдирди Транспорт министрлиги трассадагы кыймыл толугу менен калыбына келтирилгенин кошумчалап.

