10:55
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстан жемкорлукту кабылдоо индексинде 180 орундун ичинен 125-орунду ээледи

Кыргызстан 2019-жылы жемкорлукту кабылдоо индексинде 180 орундун ичинен 125-орунду ээледи. Бул тууралуу Transparency International эл аралык уюмунун жыл сайын чыгарган жыйынтыгында айтылат. 

Маалыматка караганда, Кыргызстан 100 баллдан 30 балл алып, Джибути, Украина жана Азербайжан менен катарлаш болду. 

Уюмдан билдиришкендей, орундар рейтингде башкы нерсе болуп эсептелбейт, анткени өлкөлөрдүн саны көбөйүп же азайып турушу мүмкүн. Мында эң башкы көрсөткүч - алган баллдын саны эске алынат.

2018-жылга салыштырганда Кыргызстандын орду бир аз өзгөргөн: ал бир баллга көбүрөөк топтоп, рейтингде позициясын өзгөрттү (132-орундан 126-орунга чейин).

Биринчи орунду Дания менен Жаңы Зеландия (87 балл), кийинки орунду Финляндия (86 балл), үчүнчү орунду Сингапур, Швеция жана Швейцария (85 балл) алды. 

30дан төмөнкү көрсөткүч, өкмөт жемкорлук менен күрөшүүнү күчөтүү керектигин түшүндүрөт.

 

Эң көп окулган жаңылыктар