06:31
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кара-Кулжа районунда кар күрткүлөрүн тазалоо иштери улантылууда

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда ички чарбалык унаа жолунун айрым аймактарында түшкөн кар күрткүлөрүн тазалоо иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ылай-Талаа айыл аймагында 14-январь күнү саат 11:30дан тартып катуу шамалдын кесепетинен Ылай-Талаа-Шаркыратма ички чарбалык унаа жолунун айрым жерлеринде кар күрткүсү пайда болгон.

«Буга байланыштуу айыл аймак башчысынын оозеки буйругунун негизинде унаа жол жабылган. Жолду тазалоого бульдозер тартылган. Техниканын жардамы менен кечээ, 16-январда унаа жолдун 1,7 чакырым аралыгы тазаланып, саат 17:30да жумуш убактылуу токтотулган. Жалпы 5,2 чакырым жол тазаланган. Бүгүн да тазалоо иштери улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума