USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал

14:57, 23 января 2019, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 23-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек—Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман—Ак-Тал—Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси) жана 67-90-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Мырза-Аке—Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-95-130-чакырымдарында жана Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика