12:00
USD 87.45
EUR 102.21
RUB 1.13

Азия чемпионаты: Бишкекте өткөн спорттук мелдештер жыйынтыкталды

Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 6-апрелден 12-апрелге чейин «Жаштык» аренасында өттү. Континенттик биринчиликке Азиянын 31ден ашык өлкөсүнөн 350дөн ашык балбан катышып, күч сынашты.

Кыргызстандын курама командасы жалпы 12 медаль жеңди:

Грек-рим күрөшү боюнча: 4 алтын медаль жана командалык эсепте 2-орун;

Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 1 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль, командалык эсепте 4-орун;

Эркин күрөш боюнча: 4 коло медаль жана командалык эсепте 5-орун камсыздалды.

Эң көп окулган жаңылыктар