Бул дем алышта, 12-апрель күнү жыл сайын өтүүчү «Жаз деми» жазгы жарышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Иш-чарага 25тен ашык өлкөдөн 4 миң 500гө жакын адам катышып, 5 км, 10 км, 21,1 км аралыктарга чуркашат.
Өткөн жылдагы жакшы тажрыйбаны эске алуу менен чуркоо маршруту кайрадан «Газпром-балдарга» дене тарбия — ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында өтөт.
Маршрут төмөнкү көчөлөр аркылуу өтөт:
- Жайыл Баатыр көчөсүнүн Алыкулов көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
- А. Масалиев көчөсүнүн Садырбаев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин.
Ушуга байланыштуу Жайыл Баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн Алыкулов көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейинки түштүк тарабы саат 05:00дөн 13:00гө чейин жабык болот.

