09:41
USD 87.45
EUR 100.28
RUB 1.08

Дүйнө чемпионаты −2026: Иран курамасы чемпионатка катышат

Фото Интернеттен алынды. Дүйнө чемпионаты −2026

Эл аралык футбол федерациясынын(ФИФА) президенти Джанни Инфантино Ирандын курама командасы 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионатка катышаарын жана башында пландалгандай, топтук этаптагы оюндарын АКШда өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыкты.

«Иран курамасы дүйнөлүк чемпионатка катышат. Биз кубанычтабыз, анткени алар абдан күчтүү команда болуп саналат. Мен командага жолугуп, оюнчулар жана машыктыруучусу менен сүйлөштүм, ошондуктан баары жакшы. Ирандын оюндары чүчүкулакка ылайык, ойношу керек болгон жерде өткөрүлөт», — деп Инфантино билдиргенин, The Guardian гезити жазган.

Мурда Ирандын Футбол федерациясынын президенти Мехди Таж Ирандын курама командасынын 2026-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттагы оюндарын АКШдан Мексикага жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар