Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Баткен районунун Зардалы айылына жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн аймактагы басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, облус башчысы айылдын социалдык жана инфраструктуралык абалы менен таанышып, Президент Садыр Жапаровдун фондунун эсебинен курулуп жаткан кичи футбол аянтчасын көрүп чыкты.
Ага ылайык, айылга электр жарыгы берилди. «Мега» компаниясы аркылуу мобилдук байланыш жана интернет жетти. Сары-Талаа — Кызыл-Таш — Зардалы автожолу пайдаланууга берилди. Жаңыдан курулган жол эскисинен 26 чакырымга кыскарды. Кожешкен дарыясы аркылуу узундугу 30 метр болгон темир көпүрө курулуп, унаа каттамы камсыздалды.
Белгилей кетсек, Зардалы айылы Баткен районунун борборунан 110 чакырым алыстыкта, тоо арасында жайгашкан. 2024-жылга чейин элеттиктер электр жарыгысыз, байланышсыз жашап, жол азабын тартып келишкен.

