18:09
USD 87.45
EUR 100.75
RUB 1.07

Эртең бокс боюнча Азия чемпионаты башталат. Кыргыз курамасынын тизмеси

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионат 28-марттан 11-апрелге чейин World Boxing версиясы боюнча өтөт.

Команданын курамы:

50 кг чейин: Бекзат Эргешов;

55 кг чейин: Нурсултан Асанакунов;

60 кг чейин: Амантур Жумаев;

65 кг чейин: Мирзозид Имамназаров;

70 кг чейин: Элдар Турдубаев;

75 кг чейин: Атай Дамир;

85 кг чейин: Мухамадазиз Закиров;

90 кг чейин: Тыныстан Алыбаев.

Машыктыруучулар:

Башкы машыктыруучу: Данияр Төлөгөн уулу;

Улук машыктыруучу: Улан Сагынбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар